school logosoros logo
Image

Маданият

Искусство жана маданият “Вечерний Бишкек” гезитинин жума күнкү сандарында

Маданий процесстерди анализдеш үчүн Кыргызстандын көз карандысыздыгынын алгачкы жылдары тууралуу системалаштырылган маалыматтар жокко эсе. Бул изилдөө 1991-1999-жылдар аралыгында “Вечерний Бишкек” гезитинин ар жума күнкү чыгарылыштарындагы маданият жана искусство окуяларын анализдөөгө багытталган.

Бишкектин маданий турмушунун тарыхы, анын архивделиши жана интернет басылмалар менен социалдык тармактар пайда болгонго чейин медиада чагылдырылышы жагынан алганда изилдөө абдан кызыктуу. Берилген дата-маалыматтардын негизинде биз ошол кездеги Бишкектин маданий турмушунун өзгөчөлүктөрүн көрө алабыз.

 

Изилдөө методологиясы

Изилдөө үчүн А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын мезгилдик басылмалар бөлүмүнүн архивдик материалдары пайдаланылды. Тандоо жума күнкү сандарга түштү, себеби алар гезиттин апта ичиндеги эң көлөмдүү чыгарылышы эле. Эки айдын ичинде изилдөөчүлөр гезиттин жума күнкү 432 санын кол менен анализдешти. Маалымат базасы кол менен чогултулгандыктан, ката кетүү тобокелдиги бар (15-20%). Бул – изилдөөчүлөр гезиттерди барактап жатканда окуялардын ушунча пайызын өткөрүп жибериши мүмкүн дегенди билдирет. Жаңылыштыктан сырткары, "Жума Вечеркасына" бардык иш чаралар эмес, айрымдары кирген, көпчүлүк иш чаралар гезиттин ар күнкү сандарында чагылдырылган. Ошентсе да статистикалык тандоо окуялардын жалпы динамикасын көрсөтөт.

Иштин жүрүшүндө маалыматтар базасы түзүлдү, ага гезиттин номери жана чыгарылган күнү, макаланын аталышы, бети, мазмундун кыскача баяндалышы, макаланын авторлору (бар болсо), окуянын өткөн орду, ошондой эле андан аркы талдоо үчүн беш индикатор камтылган. Беш индикатор: макаланын жанры, окуялардын форматтары, иш чаралардын темалары, макалалардын авторлору гендердик ажыратуу менен, иш чаралардын географиясы. 

Чагылдырылган  иш чараларга шаардын кинотеатрларында жана видео залдарында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп келген кинотасмалар кошулган эмес. Алар “Апта тасмасы” рубрикасына камтылгандарды эске албаса, дээрлик ар бир жума күнкү санда кездешет. 

Айрым кинотеатрлар дайыма камтылган – Октябрь, Россия, Ала-Тоо, Манас, Ысык-Көл; башкалары мезгил-мезгили менен пайда болуп, жок болуп турат – Чатыр-Көл, Жаштар, Аламүдүн, Локомотив, Жаш гвардия, Жаз, Жаштык, Салкын жайкы кинотеатры, Кызыл Кыргызстан. Ошондой эле кинолорду Филармонияда, Феникс маданий борборунда жана Камволдук-нооту комбинатынын кино үйүндө да көрсөтүшчү. Бардыгы болуп 17 жер бар. Кинотеатрларда КМШ өлкөлөрүндө, ошондой эле чет өлкөлөрдө – Россия, Молдова, АКШ, Индия, Франция жана башкаларда чыгарылган тасмалар, сериалдар, мультфильмдер күн бою жадыбал боюнча көрсөтүлчү. Алардын кээ бирлери эротикалык мүнөзгө ээ экендиги боюнча мезгил-мезгили менен эскертмелер кездешет.

 

 

Кыскача бүтүмдөр:

Көңүл ачуучу иш чаралар басымдуулук кылат: Окуялардын негизги форматтары спектаклдерди, концерттерди, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, тасмаларды жана шоуларды камтыйт. Спектаклдер, музыкалык концерттер жана эстрадалык шоулар эң көп чагылдырылган.

Эгерде биз жалпы маалымат базасына кинотеатрлардагы туруктуу тасма көрсөтүүлөрдү кошкон болсок, анда алар саны боюнча биринчи орунда болмок – киносеанстар, спектаклдер, концерттер, бийлер, шоулар.

 

Макалалардын жанрлары: жума күнкү сандарда макалалардын эки жанры басымдуулук кылды — гезиттин акыркы бетиндеги алдыда өтчү иш чаралар тууралуу кеңири маалыматтарды камтыган анонстор (иллюстрациялар, даректер жана байланыш маалыматтары). Экинчиси – болуп өткөн окуялар тууралуу "эмне, кайда, качан, эмне үчүн" деген үлгү боюнча даярдалган кыскача материалдар. Кабарлардан, репортаждардан жана баяндамалардан иш чара тууралуу кенен маалыматты, ошондой эле окуя тууралуу автордук баалоо комментарийлерин, спектаклдерге менен көргөзмөлөргө рецензияны, сынды тапса болот. Мындай макалалар эркин стилде жазылган, кээде сүрөттөр менен коштолот. Сейрек кездешчү жанр – бул маданият ишмерлери менен маектер. Изилдөөгө (алдыда өтүүчү же өткөн) маданий иш чараларга тиешеси барлары кошулду. Өмүр жана чыгармачылык тууралуу кенен интервьюлар кошулган жок.

Гендердик аспект: Бардык анонстор (эң кеңири таралган материалдар) автору жок жазылган, ошондуктан 617 материалдын 181инде гана биз авторлордун аты-жөнүн билебиз. 90-жылдардын экинчи жарымында Галина Гонтарева менен Александр Тузовдун ысымдары эң көп кездешкен. Көпчүлүк учурларда материалдардын автору көрсөтүлбөгөн же инициалдар гана берилген. Кээде материалдардын авторлору ар кандай маданият ишмерлери, чиновниктер ж. б. болгон.

Окуялардын географиясы: "Вечерний Бишкек" гезити көбүнесе борбор калаадагы иш чараларды чагылдырган. Бирок кээде Кыргызстандын башка шаарларындагы жана чет өлкөлөрдөгү жаңылыктарга орун берилген. Адатта ал жактарда артисттердин гастролдору же кыргызстандыктардын катышуусундагы маданий окуялар өткөн.

Материалдардын стили: ошол мезгилдеги журналисттик стиль жеке жана баалоочу мүнөзү менен айырмаланат. Кайсы бир жеринде азыркы блогерликти элестетет. Материалдардын басымдуусу субъективдүү боекко ээ, мунусу журналистиканын заманбап стандарттарына жана этикасына туура келбейт.

“Вечерний Бишкек” гезити 1974-жылдын 1-январынан тартып чыгат, 1990-жылдын ортосуна чейин “Вечерний Фрунзе” деп аталган. 1990-91-жылдардагы чыгарылыштарында гезит Кыргызстан Компартиясынын Бишкек шаардык комитетинин органы жана Эл депутаттарынын шаардык кеңеши тарабынан чыгарылганы мукабада белгиленет. 1991-жылдын сентябрь айынан баштап ал белги "шаардык күн сайын чыгуучу гезит" деп өзгөртөт. Ар кандай жылдарда гезиттин калыңдыгы 16, 24, 32 барак болуп өзгөрүп турат. 90-жылдардын ортосунан баштап гезиттин төрттөн бири жарнактарга арналган.