Кыргызстандагы бош жумуш орундары боюнча анализ үчүн bishkek.headhunter.kg жана lalafo.kg сайттарынан парсинг (программанын жардамында веб-сайттардан маалыматты автоматтык түрдө алуу) аркылуу алынган дата-маалыматтар колдонулду. Бул платформаларда жеткиликтүү болгон бош жумуш орундары кол менен чогултулду.
Датасетте төмөндөгүлөр чогултулган:
- - Жумуш орунунун аталышы
- - Тармактар
- - Категориялар
- - Айлык-акы (баштап …чейин)
- - Талаптар
- - Жоопкерчилик чеги
- - Көндүмдөр
Бул анализ Кыргызстандагы эмгек рыногун түшүнүүгө жана ишке жайгашууда келечектүү тармактарды аныктоого жардам берет.
Дата-маалыматтар менен иштеп жатканда Кыргызстандын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган кесип ээлерин аныктадык. Аларга төмөндөгүлөр кирди:
- Тигүүчү - жарыяланган бош жумуш орундарынын ичинде эң эле суроо-талап көп кесип (1107 жумуш оруну). Бул кесипкөй тигүүчүлөргө туруктуу суроо-талап бар экендигин айгинелейт.
- Сатуучу-консультант - популярдуулугу боюнча экинчи орунда (674 бош орун). Бул сатуу жана алармандарга кеп-кеңеш берүүчү адистерге суроо-талап жогору экенин көрсөтүп турат.
- Ашпоз (навайчы, кондитер ж.б.) – бош жумуш орундарынын арасында 3-орунда. Бул коомдук тамактануу жаатындагы ишканалардын көптүгүн, кесипкөй ашпоздорго суроо-талап дайыма болорун ачыктайт.
- Сатуу/ кардарлар менен иштөө менеджери - 575 вакансия. Бул сатуу жана кардарларды тейлөө тармактары ыкчам өнүгүп жатканын ырастайт.
- Айдоочулар - 567 бош орун. Бул түрдүү категориядагы айдоочуларга туруктуу суроо-талап бар экенин далилдейт.
Категориялар боюнча алдыңкы сапта:
- Туризм, мейманкана, ресторан - суроо-талап жогору тармак – 1925 жумуш оруну сунушталган. Бул туристтик индустриянын өнүгүшү же сезондук термелүүлөр менен байланыштуу болушу ыктымал.
- Өндүрүш/сервистик тейлөө - 1253 вакансия. Бул өндүрүш тармагы жана сервистик тейлөөнүн ыкчам өнүгүп жатканын ырастайт.
- Спорттук клубдар/ фитнес/сулуулук салону - 1239 бош орун. Бул фитнес жана сулуулук кызматтарына суроо-талап жогорулаганын түшүндүрүшү мүмкүн.
Жумуш оруну сунушталган аймактар боюнча:
- Бишкек - эмгек рыногунун эң эле чоңу. Мында 10959 жумуш оруну бар. Себеби түшүнүктүү, Бишкек – борбор шаар.
- Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта – бул шаарларда салыштырмалуу жумуш орундарынын саны көп (114төн 304кө чейин). Тыянак – ар кайсы аймак эмгек рыногу боюнча өзгөчөлүктөргө ээ.
Айлык-акы боюнча:
- Башкы директор/аткаруучу директор (CEO). CEO айлыгы 150 000 сомдон 250 000 сомго чейин жетет.
- Каржы көзөмөлчүсү. Контролердун маянасы 90 000 миң сомдон 150 000 сомго чейин.
- Операциондук директор (COO). Айлыгы 89 000 сомдон башталат.
- Технолог. Айлыгы 83 866 сомдон 87 500 сомго чейин.
- Маалыматтык коопсуздук боюнча адис. Бул позицияда айлык 80 000 сомдон башталат.
- Персонал боюнча директор (HRD). Бул позициянын айлыгы 80 000 сомдон 100 000 сомго чейин.
Анализ компаниялар ар бир позиция үчүн айлык-акынын деңгээлин аныктаганда түрдүү факторлорду эске аларын көрсөттү. Бул жумушчулардын канааттануусуна жана шыктануусуна өбөлгө түзөт.
Бош орундардын жарымында иш берүүчүлөр айлык-акыны көрсөтүшпөйт же келишим түрдө деп жазышат.
Кыргызстандын эмгек рыногунда суроо-талап эң эле жогору болгон көндүмдөрдүн катарында төмөндөгүлөр айырмаланат:
- Телефондо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү - мунун маанилүүлүгү 222 вакансияда белгиленген. Демек, телефондо жумуш баарлашууларын жакшы алып баруу – зарыл көндүм.
- Иш баарлашуусу – бул көндүмдүн мааниси 210 вакансияда айтылат, демек, коммуникациянын сапаттуу деңгээли абдан маанилүү.
- Командада иштөө – 206 вакансия ушул көндүмдү талап кылат. Бул жамаатта натыйжалуу кызматташа алуунун маанилүүлүгүн ырастайт.
- Сатуу көндүмдөрү - 197 вакансияда ушундай талаптын коюлушу сатуу, кардарды ынандыруу жөндөмү маанилүү экенин көрсөтөт.
- Сабаттуу сүйлөй алуу - мунун маанилүүлүгү 202 вакансияда белгиленген, бул талап өз оюңду, идеяларыңды сабаттуу жана так айта билүү керектигин далилдейт.
Ошентип, суроо-талап жогору болгон көндүмдөрдү анализдегенден кийин Кыргызстандын эмгек рыногунда коммуникабелдүүлүк, жамаатта иштей билүү, сата алуу жана сабаттуу сүйлөө бааланат деп тыянак чыгарсак болот.