Дата-маалыматтардын сунушталган топтому Кыргызстандын көрүнүктүү жана туристтик жайларын, ошондой эле мамлекеттик корукка алынган тарыхый-маданий мурас объектилерин камтыйт. Датасет жеткиликтүү болгон расмий (анын ичинде суроо-талап менен алынгандары бар) жана бейрасмий берилиштердин жардамында колдо чогултулду. Алар Кыргызстандын көрүнүктүү жайларын толугу менен чагылдырбашы мүмкүн экенин белгилей кетели. Датасетте объектилердин аталышы, алардын сүрөттөлүшү жана даректери, географиялык координаттары (кеңдик жана узундук) чогултулган. Мындан аркы колдонууну жана анализдөөнү жеңилдетиш үчүн берилиштердин баары категориялаштырылган. Төмөндөгү дата-маалыматтардын жардамында көрүнүктүү жайлардын өлкө аймактары жана облустук борборлор боюнча бөлүштүрүлүшүн, ошондой эле дагы башка 17 категория боюнча изилдесе болот.
Бишкек көрүнүктүү жайлар боюнча биринчи орунда экенин аныктадык. Маанилүү объектилер менен жерлердин жалпы санынын үчтөн бири борбор калаага туура келет.
Бирок категориялаштырып карасак, Бишкек тарыхый-маданий объектилердин (мисалы, эстелик имараттар), атактуу инсандардын эстеликтеринин жана арт-объектилердин эсебинен оозуп чыгат.
Ошол эле маалда коомдук ишмерлерге, мисалы, атагы алыска кеткен Алай ханышасы Курманжан датканын же эл өкүлү, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген малчысы Асылбүбү Сейитбекованын эстеликтери – эң популярдуу көрүнүктүү жайлардын бири. Датасеттеги ар бир бешинчи объект ушул категорияга кирди.
Табигый көрүнүктүү жайлар боюнча лидерлер – Ысык-Көл жана Чүй облустары. Туристтерди өзүнө тарткан коруктар, капчыгайлар, өрөөндөр, көлдөр жана шаркыратмалардын эң көбү ушул эки облуста орун алган.
Объектилер аз кездешкен жер – Баткен шаары жана Баткен облусу. Аларга көрүнүктүү жайлардын 3 пайызы гана туура келет. Бирок Баткен облусу көлөмү боюнча Кыргызстанда алтынчы орунда экенин (андан кичине Талас облусу эле бар), Баткен 2000-жылы гана шаар болгонун түшүнүү керек.
1. Кыргызстан согуш эс-тутумуна терең чырмалган. Өлкө боюнча “Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке”, каза болгон жоокерлерге, согуштун катышуучуларына жана ардагерлерине, ошондой эле согуш техникасына арналган объектилердин саны кеминде 130га жетет. Бул объектилердин басымдуусу эстеликтер жана мемориалдар, ошол эле учурда эс алуу жайлары, аллеялар “Жеңиш” же “Согуш ардагерлеринин” аянттары учурайт.
2. Урандылар, сепилдердин калдыктары, дөбөлөр – Кыргызстандын бай археологиялык мурасы. Өлкөнүн ар бир аймагында байыркы конуштар жана табылгалар жатат, бери дегенде андай жайлардын саны 323тү түзөт. Алардын арасында эң көп кездешкендери – байыркы бейиттер. Мындай жайлардын аталышы барлары да, жоктору да болот. Мисалы, Чүй облусунун Татыр айылынын жанындагы “Татыр” бейити жайгашкан жериндеги айылдын атынан аталган. Берилиштерге таянсак, археологиялык көрүнүктүү жайлар республика аймагы боюнча тегиз бөлүштүрүлгөн, бирок көпчүлүгү Нарын жана Жалал-Абад облустарына туура келет.
3. Кай жакты караба Ленин. Датасетте Кыргызстандын булуң-бурчундагы Владимир Ильичтин 76 эстелиги жана бюсту тууралуу маалыматтар чогултулду. Бирок иш жүзүндө алардын саны мындан да көп болушу ыктымал. Мындан сырткары монументалдык искусствонун бир нече объектиси, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы эң бийик чокулардын бири Ленинге арналган.
4. Кыргызстан менен Францияны миңдеген чакырымдар бөлүп турат, бирок Парижге болгон махабат үчүн андай алыстык кеп деле эмес. Кыргызстанда Эйфель мунарасынан бери дегенде бешөө бар, Бишкекте үчөө, бирөө Ошто, дагы бирөө Ысык-Көлдө.