school logosoros logo
Image

Кыскача баяндама

Жыл бою кар жаткан аймак менен убактылуу кар жаткан аймактын ортосундагы чек кар сызыгы деп аталат. Бул кышкысын кар туруктуу катмарга айланып, жайкысын жарым-жартылай же толугу менен эрип кетчү тоолуу жердеги бийиктик же бийиктик деңгээли. Кар сызыгы климат, тоо боорунун экспозициясы, жаан-чачындын деңгээли, температура сыяктуу бир нече факторлорго карап өзгөрүшү мүмкүн. Байкоо айы катары июлду кароо менен кар сызыгынын деңгээлин аныктадык. Графиктен тоо боорунун экспозициясына карата кар сызыгынын бийиктигинин диаграммасын көрүп турабыз. Кар сызыгы тоо системасынын бирдей бийиктигинде да бир кылка өтпөгөн үчүн кар сызыгынын төмөнкү, орто жана медиандык деңгээлдерин көрсөттүк.